Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 10
Жаңы-Ноокат айылдык округунун жайыттарынын тышкы чек араларын жана план аянттарын бекитүү
Жаңы-Ноокат айылдык округунун жайыттары Кыргыз-Ата айылдык округу, Караташ айылдык округу, А. Мирмахмудов атындагы айылдык округу, Бел айылдык округу, Гулистан айылдык округу жана Көк-жар айылдык округу менен чектешет, 2013-жылдын 20-январындагы актыларына ылайык чектешкен участкалар боюнча талашуулар, пикир келишпестиктер жок.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун жайыттарынын сырткы чек аралары Кыргыз-Ата айылдык округу, Караташ айылдык округу, А. Мирмахмудов атындагы айылдык округу, Бел айылдык округу, Гулистан айылдык округу жана Көк-жар айылдык округу менен чектешкен чек аралары бекитилсин.
2. Жаңы-Ноокат айылдык округунун жалпы жайыттарынын аянты 61.83 гектар
3. Бул токтомдогу көрсөтүлгөн чек ара жана жайыттардын аянтын макулдашуу жагы Ноокат райондук жайыттардын чек араларын тактоо боюнча комиссиясына сунушталсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |