Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 12
Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймгында
жашоочу тургундарга турак-жай куруу үчүн жер
участок ажыратуу жөнүндөгү айылдык округдун токтомун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык оругунунда турак-жай курууга муктаж болгон жаш үй-бүлөөлөрдүн саны 1365 га жеткендиги, алардан турак – жай куруу боюнча келип түшкөн арыздарды канааттандыруу,жаштарга шарт түзүп берүү максатында Катта-Тал айылы боюнча 30 га,Жандама айылы боюнча 20 га,Дөн-Кыштак айылы боюнча 20 га анын ичинен Темир-Корук айылы боюнча 10 га, Кызыл-Тейит айылы боюнча 10 га бардыгы болуп 90 га, жер аянтын айыл тургундарына турак-жай курууга бөлүнүп берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2012-жылдын 3- августундагы № 75 токтомун угуп жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл округунун аймагындагы кайрак жерлер Катта-Тал айылынан № 825,827.828,831,829,855 контурдагы 30 га жер, Жандама айылындагы №886,872,88,889, контурдагы 20 га кайрак жер,Дөн-Кыштак айылындагы № 50 контурдагы 20 га, Кызыл-Тейит айылындагы № 29-23, контурдагы10 га,Темир-Корук айылындагы№ 5,50 контурдагы 10 га бардыгы болуп 90 га кайрак жер аянтын айылдык округдун тургундарына турак-жай куруу үчүн ажратып берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2012-жылдын 3- августундагы № 75 токтому бекитилсин.
2. Ушул токтомду бекитип, айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн ажратылган 90.0 га кайрак жер аянттарын «Айылчарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу комиссиясынын каросуна сунуш кылуу учүн атайын сунуш кат берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарилишин камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айылдык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарилышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |