Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-апрели № 13
Дөн-Кыштак айылынын аймагындагы балдар санаториясынын аймагына айылдык округунун менчигинде туруучу ФАП куруу үчүн 260 метр квадарат жер аянтын бөлүп берүү
Жаңы-Ноокат айылдык округунун Дөн-Кыштак айылынын тургундары тарабынан балдар санаториясы деп аталуучу жерге Ашар жолу менен ФАП курууга уруксат беруу жөнүндөгү 2013-жылдын 28- февралындагы № 17 сандуу менен катталган арызды карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөн-Кыштак айылынын аймагындагы балдар санаториясынын аймагынан Ашар жолу менен айылдык округунун менчигинде туруучу ФАП куруу үчүн 260 метр квадарат жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. ФАП куруу үчүн жер маселелери боюнча керектелүүчү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жеге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. ФАП куруу үчүн керектелүүчү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шаар куру жана архитектура башкармалыгынан суралсин.
4. Ушул токомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык округунун башчысына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |