Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 1
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Сахаба эс алуу багындагы чайканаларды пайдалануу боюнча арыздарды кароо жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Сахаба эс алуу багындагы чайканалар боюнча өткөн жылдан бери ар түрдүү сөздөр,арыздар болуп, бул маселе Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы (буйрук №65-1 14.05.2012) жана Депутаттардын Ноокат райондук Кеңеши (токтом № 23-4 2012-жыл) тарабынан атайын комиссия түзүлүп, комиссия өзүнүн иш жыйнтыктарын берген. Комиссия тарабынан билдирилген бак жерлерге байланышкан маселелер чечилип, жер аянттары конкурс негизинде ижарага берүү маселелери чечилген.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссясынын жана туруктуу комиссиялардын төрагалары чогу катышкан жыйнындагы 11.04.2013-жылдагы кортундусун негизинде Чайканаларды менчик ээси боюнча толук юридикалык иш кагаздар жетишсиздигин карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы Сахаба эс алуу багындагы чайканалар боюнча юридикалык маалыматтар толук эместигине байланыштуу, Сахаба эс алуу багындагы талаш маселе 2013-жылдын 1-октябрынан баштап убактылуу комиссия түзүү жолу менен каралсын.
2. Сахаба эс алуу багындагы чайканачылар 2013-жылдын 1- октябрына чейин өздөрү карап турган чайканаларында иштеп турушсун.
3. Сахаба багындагы чайканаларды маселесин чечуу жана ал жерде коомдук тартипти, айлана чөйрөнү тазалыгын сактоо, салыктардын өз убагында өндүрүлүшүн, кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдаланууну көзөмөлгө алуу боюнча төмөнкү күрамда комиссия түзүлсүн.
Көмиссиянын төрагасы Н. Каримбердиев
Мүчөлөрү Х Эргашов
З Дадаев
М Норматов
М Атабеков
Э Эргашов
К Эргашов
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жаңы-Ноокат айылдык округунун башчысы Н. Юлчиевге тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |