Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-дапрели № 2
Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2012-жылдын 28- декабрындагы №108 Сахаба эс алуу багынын киреберишиндеги чайкана курулуш имаратын Сатыбалдиев Мамажандын жоопкерлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү токтому тууралу
Сахаба эс алуу багындагы чайканалар боюнча айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 11.04.2013-жылдагы кортундусу менен танышып жана бир канча сунуш пикирлерди эске алуу менен бир чечимге келип, ошондой эле депутат Х.Эргешовду сунушун эске алуу менен, Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2012-жылдын 28- декабрындагы №108 Сахаба эс алуу багынын кире беришиндеги чайкана курулуш имаратын Сатыбалдиев Мамажандын жоопкерлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү токтомун карап чыгып , токтомдо көрсөтүлгөн чайкана курулуш имараты, жогоруда аталган Сахаба эс алуу багындагы чайканалардын катарында экендигин талкулап добушка коюулганда токтомду жактап 9 добуш, токтомго каршы 18 добуш болгондугун карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2012-жылдын 28- декабрындагы №108 Сахаба эс алуу багынын киреберишиндеги чайкана курулуш имаратын Сатыбалдиев Мамажандын жоопкерлигине өткөрүп берүү жөнүндөгү токтому колдоого алынбасын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |