Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 19-апрели № 3
Жаңы-Ноокат айылдык округунун Жандама айылындагы № 2243 контурунда жайгашкан кайрак жер категориясындагы топрагын күрдүүлүгүн жакшыртууга даярдалган 18.40 га жер аянтын калкту конуш турак жай жер категориясына котору жөнүндөгү токтомун бекитүү жөнүндө
Ош области боюнча «Кыргызгипрозем» долборлоо институту тарабынан 1991-жылы даярдалган инвентаризация китепчесинде жана картографиялык материалдарында Жандама айылындагы № 2243 контурда жайгашкан кайрак жер категориясындагы топрагын күрдүүлүгүн жакшыртууга даярдалган жер аянтында мелоративдик даярдоо иштери жүргүзүлүп, азыркы күндө айыл чарбачылыгында кайрак жер эсебинде пайдаланылып жатат. Бул кайрак жер категориясындагы топрагын күрдүүлүгүн жакшыртууга даярдалган жер категориясынан калктуу конуш турак жай жерлери категориясына которуп,элге турак жай куру үчүн бөлүп берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 41 токтомун карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун Жандама айылындагы № 2243 контурунда жайгашкан кайрак жер категориясындагы топрагын күрдүүлүгүн жакшыртууга даярдалган 18.40 га жер аянтын калкту конуш турак жай жер категориясына котору жөнүндөгү 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 41 токтому бекитилсин.
2. Айыл тургундарына турак-жай куруу үчүн, ажыратылган кайрак жер категориясындагы топрагын күрдүүлүгүн жакшыртууга даярдалган 18.40 га жер аянты «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Жаңы-Ноокат айылдык Кенешинин токтомун бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарилишин камсыз кылуу жагы, Жаңы-Ноокат айылдык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |