Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 2
Жаңы-Ноокат айылдык Маданият үйүн айылдык округдун муниципиалдык менчигине өткөрүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округунун тургуну Абдирахимова Угилой тарабынан 2013-жылдын 21- майындагы айылдык Маданият үйүн Жаңы-Ноокат айылдык округунун муниципиалдык менчигине келишим баада өткөрүп берүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, айылдык Маданият үйү көп жылдардан бери иштебей жаткандыгы, айылдык Маданият үйү айылдык округунун жана калкын ар түрдүү иш-чараларынын өткөрүлүшү үчүн зарыл болуп жаткандыгын эсепке алып, арыз ээсинин макулдугу менен келишим баада Жаңы-Ноокат айылдык округунун муниципиалдык менчигине өткөрүп алуу үчүн айылдык округунун финансалык абалын жетишсиздигин эсептешүү иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүү тарабынан жүргүзүлүшү макул иш экендыгын карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылынын тургуну өзүнүн жеке менчигиндеги Маданият үйүн келишим баада Жаңы-Ноокат айылдык округунун муниципиалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгу арызынын негизинде айылдык Маданият үйүн Жаңы-Ноокат айылдык айылдык округунун муниципиалдык менчигине келишим баада өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Жаңы-Ноокат айылдык Маданият үйүн келишим баада Жаңы-Ноокат айылдык округунун муниципиалдык менчигигине өткөрүп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүна өтүнүч кат даярдап берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жаңы-Ноокат айылдык округуна тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |