Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 3
Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2013-жылдын 5- мартындагы №23 Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында уюштурулган Ашир дыйкан чарбасынын мүчөсү Максутов Азизбайдын жана бир туугандарынын үлүш жерлеринин кайра кайтарып берүү туралуу арызы жөнүндөгү токтомун бекитүү жөнүндө
Мурдагы союз мезгилинде «Маданият» колхозунун топозчулук бригадасында эмгектенген Максутов Азизбек жана анын бир туугандары Жаңы-Ноокат айылынан сугат айдоодон 0.98 га кайрак айдоодон 1.68 га жер үлүш алган. Ушул жылга келип алар алган жер үлүштөрүн өздөрүнүн каалоосу менен айыл өкмөтүнө кайтарып беришкен. Жаңы-Ноокат айылдык округу аталган токтом менен айылдык округунун эсебине алган.
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын заседаниясы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн эсебине алынган жер аянты боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун 2013-жылдын 5- мартындагы № 23 Жаңы-Ноокат айылдык округунун аймагында уюштурулган Ашир дыйкан чарбасынын мүчөсү Максутов Азизбайдын жана бир туугандарынын үлүш жерлеринин кайра кайтарып берүү туралуу арызы жөнүндөгү токтомун бекителсин.
2. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн эсебине алынган сугат айдоодогу 0.98 га, кайрак айдоодогу 1.68 га жер аянты жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин эсебине алынсын.
3. 2013-жылдын экинчи жарым жылдыгы башталышына байланыштуу аталган жер аянты алты айдык мөөнөөт менен ижарага берилиши камсыз кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |