Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 1
Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жыдын 6-айга бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешесинен каралган бюджетинин сметасынын бекитүү жөнүндө
Жаңыноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-айга бюджетинин аткарылышы жана айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кошумча кирешесинен каралган бюджетинин сметасынын карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндөгү мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган долбоор айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы жана депутаттар тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-айдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн финансылык, чарбалык иш-аракеттери канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Жаңы-Ноокат айылдык өкмөтүнүн бюджетинин кошумча кирешелер бөлүгү жергиликтүү салыктардан 1573,0 миң сом бардыгы болуп 1573,0 миң сом.
Чыгашалар разделдер боюнча бекитилсин.
Р-704 1018,0 миң сом
Р-706 185,0 миң сом
Р-708 60,0 миң сом
Р-709 310,0 миң сом
Бардыгы 1573,0 миң сом
3. Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын финансылык экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансылык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик каражаттарды максаттуу сарамжалдуу пайдаланылуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмү тарабынан көзөмөлдөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын айылдык Кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |