Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 2
Мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын 19.07.2013-жыл №08-61327 жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторунун колдонууга киргизүү жөнүндөгү каты тууралуу
"Кыргыз Республикасынын салык кодексинин ишке киргизүү жөнүндөгү" 17.10.2008-жыл 231 мыйзамынын 3 беренесинин 3 бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5 беренесинин 5 бөлүкчөсүнүн талаптарынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1 январынан баштап жер салыгы жана мүлк салыгынын 1,2,3 топтору колдонууга киргизилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |