Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 3
“Гезарт” СПАсына кепилдик берүү жөнүндө
"Гезарт" СПАсына «Экинчи ички чарбалык сугат» Долбоорунун эсебинен техникалык насыяга - экскаватор алууга макулдук берүү жана анын баасын келишимдин негизинде кайтарып берүүгө кепилдик берүү жөнүндө маселелерди карап жана талкуулап, суу пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн 2013-жылдын 28-сентябрдагы токтомунун негизинде депутаттардын Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Техникалык насыяны (экскаватор) келишимдин негизинде кайтарууга кепилдик берилсин.
2. "Гезарт" СПАсы өзүнүн карызын (техниканын баасынын 50%) же анын бөлүгүн төлөй албаган учурда, Жаңы-Ноокат айылдык округу бул максаттар үчүн карызды жергиликтүү бюджеттин жылдык кирешесинин эсебинен 20%га чейинки кирешесин ар жыл сайын карыз толук жоюлганга чейин төлөп турсун.
3. Жаңы-Ноокат айыл округунун башчысы Юлчиев Нормахаммадга кайтаруу келишимине кол коюу ыйгарым укугу берилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |