Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 4
Жаңы-Ноокат айылдык округунун тургуну Халиулин Маматхалилге песко блок чыгаруучу цех куруу үчүн ижарага жер аянты бөлүп берүү жөнүндө.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жашоочу тургундарды курулуш материалдары менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округунун тургуну Халиулин Маматхалилге песко блок чыгаруучу цех куруу үчүн айыл чарбасына пайдаланууга ынгайсыз болгон Жандама айылынын Сүрпа –Таш бөлүмүнөн ижарага 20 сотых жер аянты бөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештын жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |