Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-сентябры № 5
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбыячыларынын күндүк иш сааттарын узартуу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айылдык округундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелекринин уставында жумуш убактысын башталышы саат 9.00 деп белгиленген. Бирок иш убактысы 8.00 башталып жатат. Анткени ата-энелер балдарын саат 8.00 баштап алып келууну башташат. Уставда иштин бүтүшү саат 17.00 деп белгиленген. Бирок Ата-энелердын балдардын бала бакчалардан алып кетиши саат 18.00 га чейин созулат.
1 ставка айылык иш акы төлөө үчүн тарбиячылар эртемененки саат 9.00 дон кечки саат 17.00 гө чейин иштештери керек. Бирок эрте менен бир саат жумуш алдын башталышы жана кечки убакытта бир саат жумуштун созулуп кеткендигине байланышту бала бакча тарбиячыларына 1.25 ставкада айлык акы төлөнүп берилиши керек.
Жаңы-Ноокат айылдык аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде иштоочу кызматкерлерге 1.25 ставкада айлык эмгек акы толоп берүү жөнүндөгү макселени карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кншиин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылдык округундагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбыячыларынын күндүк иш сааттарын узартыргандыгына байланыштуу аларга 1.25 ставкада эмгек акы толоп берилишине макулдук берилсын.
2. Токтомду бекитип мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларына 1.5 ставкада айылык эмгек акы толоп берүү жагы Ноокат райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагсы: | А.Имамов |