Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-октябры № 1
Табигый кырсыкка душар болгон кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин ижара акыларын бекер кылуу жөнүндө.
2013-жылдын 26- августь күнү болгон табигый кырсыктын натыйжасында жапа тарткан кайра бөлүштүрүү фондусу жерлери эсебиндеги 3.92 га сугат айдоо жердеги 26491 сомдук бардыгы болуп 26491 сомдук ижара акылары бекер кылуу боюнча даярдалган иш кагаздарды (иш кагаздар тиркелет) карап чыгып Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 6- августь күнү болгон табигый кырсыктын натыйжасында жапа тарткан кайра бөлүштүрүү фондусу жерлери эсебиндеги 3.92 га сугат айдоо жердеги 26491 сомдук ижара акылары ижарачылардын зыян тарткандыгын эсепке алып мжара акылары бекер кылынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн агрардик бөлүмүнүн башчысы Э Эргашовго жана ФЭБ башчысы М.Махмудовдорго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы: | А.Имамов |