Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 19/1
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2013-жылда
социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган
иштер жана 2014-жылга карата социалдык экономикалык
өнүгүүсү боюнча планынын бекитүү, 2014-2016- жылдарга
социалдык экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча
болжолдуу планынын долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2013-жылда социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча аткарылган иштер жана 2014-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүсү боюнча планды бекитүү, 2015-2016 - жылдарга болжолдуу социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору боюнча билдирүүлөрүн угуп жана кызуу талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2013-жылга түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча билдирүү эске алынсын.
2. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча планынын долбоору жактырылсын жана бекитилсин.
3. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2014-жылга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүү боюнча иш пландарынын аткарылышы боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн 2015-2016 - жылдарга карата социалдык экономикалык жактан өнүгүүсүнүн болжолдуу пландары бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.Акаев |