Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-февралы № 19/2
Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн 2013 – жылдын
бюджетинин аткарылышы, 2014- жылдын бюджетин
жана 2015 – 2016– жылдардын бюджетинин долбоорун
бекитүү жөнүндө.
Кабылан – Көл айыл өкмөтүнүн 2013 – жылдын бюджетинин аткарылышы, 2014 – жылдын бюджетин бекитүү жана 2015 – 2016 – жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин заседаниесы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан – Көл айылдык Кеңешинин 2013 – жылга бюджетинин киреше бөлүгү 8774,5 миң сомго, чыгаша бөлүгү 8671,6 миң сомго башкача айтканда 102,9 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2014 – жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 4335,7 миң сомго белгиленсин. Анын ичинен толуктоочу грант 3691,4 миң сом, өздүк кирешелер 573,8 миң сомго белгиленсин.
3. 2015– жылдын бюджетинин долбоору 4297,8 миң сомго, анын ичинен: толуктоочу грант 3651,5миң сом, өздүк киреше 575,8 миң сомго ,2016 – жылдын долбоору 4389,3 миң сомго анын ичинен: толуктоочу грант 3682,0 миң сом, өздүк киреше 636,8 миң сомго белгиленсин.
4. КРнын Финансы Министрлиги тарабынан белгиленген 350.0 миң сом киреше салыгын аткарууга мγмкγн эместиги белгиленсин.
2014-жылдын бюджетинин кирешелери жана чыгашалары тиркемелердеги эсептерге ылайык аныкталсын.
5. Айыл өкмөтүнүн ичинде, акча каражаты жетишпеген кээ бир статьяларга, башка статьялардан которуп жумшоо жана пландан ашыкча аткарылган акча каражатын муктаж болгон статьяларга бөлүп берүү айылдык Кеңештин бюджеттик экономикалык туруктуу комиссиясынын макулдугу менен айылдык Кеңештин чечиминин негизинде уруксат берилсин.
6. Айылдык Кеңештин 2014 – жылдагы бюджетинин сметасынын кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн ар бир статьясынын аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.Акаев |