Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-марты № 20/2
“КАБЫЛАН-КӨЛ АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ЖАЙЫТТАРЫ ЖӨНҮНДӨ”
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8- беренесинин негизинде, ошондой эле“ Жайыт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4- беренесине ылайык Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин III чакырылышынын XX заседаниеси жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдалануу үчүн акы төлөмдөрүн бекитүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
2014- жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
Ири мүйүздүү малдар - бир баш үчүн 50 сом;
кой - эчкилер - бир баш үчүн 10 сом;
жылкылар - бир баш үчүн 50сом;
сырттан келген ири мүйүздүү малдарга - бир баш үчүн 200 сом ;
сырттан келген кой - эчкилерге - бир баш үчүн 50 сом ;
3. 2014-жылга аткарылуучу план 72000 мин сом
4. Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдаланулуучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кабылан-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Садыковага жүктөлсүн.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.К.Акаев |