Загрузка документа…
КАБЫЛАН-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-июну № 21/1
Айыл өкмөтүндөгү мектептердин, бала бакчанын шашке чайынын жана тамак ашынын сапатын кароо жөнүндө
Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү № 25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароо боюнча депутат
А. Жолдошованын даярдаган маалыматтарын угуп жана талкуулап Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кабылан-Көл айыл өкмөтүндөгү № 25 Э. Мурзаев атындагы орто мектебинин, Күңгөй башталгыч мектептеринин 1-4-класстарга берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапатын кароодо айрым кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Аталган мектептердин берилүүчү шашке чайынын жана “Кабылан-Көл” бала бакчасынын тамак ашынын сапаттуулугуна көңүл буруу жана камкордуктарды көрүү жагы мектеп директорлору З. Абдыкадыровага жана А. Абылаевага, бала бакча башчысы К. Жумалиевага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Садыковага Кабылан-Көл айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кабылан-Кѳл айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Ш.Акаев |