Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 15-январы № 12/7
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эе «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесине ылайык Алай районунун Корул айылдык Кенешинин депутаттарынын 132-сессиясы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштагандары бекитилсин:
- 2014-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү;
- Ири мүйүздүү малга бир баш үчүн 50 (элүү) сом;
- Кой-эчкилерге бир баш үчүн 15 (он беш) сом;
- Жылкыларга бир баш үчүн 60 (алтымыш) сом
- Кирешелер жана чыгашалар сметасы тиркелет.
Эскертү: Эгерде башка айыл өкмөтүнүн чабандары, падачылары, элдери жайытты уруксаты жок өз алдынча пайдаланса, ар бир кой, эчкинин башына 50 сомдон, жылкы, уйдун башына 50 сомдон 100 сомго чейин төлөшсүн.
3. Алай жайлоосундагы Демей участкасына жайыт пайдалануу үчүн барган чабандар, падачылар үчүн өздөрүнчө ар 3 айга бир баш кой, эчкиге 20 сомдон, бодо малга 50 сомдон, жылкыга 60 сомдон төлөшсүн.
4. Жайыт акыларды элдерден чогултуу үчүн, атайын төлөмдөрдү өндүрүүгө штаттар жок болгондуктан, келишим түзгөн адамдарга айлык акы үчүн өндүрүлгөн акчанын 20% эсебинде сметада каралган жайыт комитетинин төрагасынын айлык акы эсебинен төлөнүп берилсин.
5. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жайыт акы салыктарды жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ташкуловго тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |