Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-марты № 14/4
Айыл өкмөтүндө 2014-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрдү, жол бойлорун, короолорду тазалоо иштери боюнча ишембиликтерди өткөрүү, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу, жолдорду жана жол боюндагы кашааларды оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Администрациялык имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, көрктөндүрүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, гүлдөрдү олтургузуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна, ФАП башчыларына, балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |