Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-марты № 14/5
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү кылып белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнү кылып белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, Өтөк айылындагы мүрзөнүн шаймандары толукталгандыгы белгиленсин, ал эми Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосууга жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери улантылсын. Сары -Тектирдеги көрүстөндү да тосуу жагы жамааттар менен чечилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |