Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/1
Корул айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директорунун жана Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылындагы китепкана башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Китепканалардын ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу китепкана башчылары Асанова Нурилага жана Мелис кызы Айпериге милдеттендирилсин.
3. Китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаны китеп фонддору менен толуктоо китепкана башчылары Н.Асановага, Мелис кызы Айпериге милдеттендирилсин.
4. Маданият үйүнүн ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, маданият үйүнүн алдына гүл бакча тигүү, белгиленген даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу жагы маданият үйүнүн директору О.Мыйманбаевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |