Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/3
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Чамашова Разиянын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Чамашова Разиянын жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |