Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/4
Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн аймагында каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүүдө аткарылган иштер жактырылсын жана колдоого алынсын.
2. Каада-салт, ырым-жырымдарды, үрп-адаттарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү боюнча айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынын элдерине жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, аксакалдар кенешине, аялдар кенешине, айылдык Кенештин депутаттарына, жамаат башчыларына тапшырылсын.
3. Айыл имамдарынын жана айыл аксакалдарынын мечиттерде жана тажия, аш-тойлордо, эл көп чогулган жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өздөрүн эл арасында үлгү катары көрсөтүү жагы талап кылынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чындоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |