Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/5
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы учаскалык шайлоо комиссияларынын курамына көрсөтүлгөн талапкерлерди АШКна сунуштоо жөнүндө
Корул айыл өкмөтүнүн аймагындагы учаскалык шайлоо комиссияларынын курамына көргөзүлгөн жарандардын тиешелүү документтерин карап жана талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча жобосуна ылайык № 5138 Кең-Жылга, № 5139 Тогуз-Булак, № 5140 1-Май участкалык шайлоо комиссиясына көрсөтүлгөн талапкерлер, тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлүгүнө сунушталсын (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом Алай аймактык шайлоо комиссиясына билдирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |