Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/8
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургундарынын арыздарын кароо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын тургуну Осмоналиев Ташполоттун Кең-Жылга айылындагы Курбанбай бел жайлоосундагы Даңгиге жайлоо кылып олтуруп алып, элге берилген үлүш жердин чөбүн түнкүсүн малдары тебелеп, жеп элдин чөбүн орууга жараксыз кылып, элге зыян келтирип жаткандыгы белгиленсин.
2. Осмоналиев Ташполот, Айдаралиев Чубак, Айдаралиев Омондор жана башка жарандар Курбанбай белге чейин жайлоого олтурган айыл тургундары Курбанбай белден жогору жакка жайлоосу 10-июнга чейин көчүрүлсүн.
3. Эгер Курбанбай белден бери күзгү жайытты малдарына жедирип олтурган айыл тургундары 10-июндан кеч калышса, айыл мыйзамынын негизинде ар бир малдын башына күнүнө жайыт акчасынын бир жылдык өлчөмүндө жазана салынсын.
4. Бул токтомду аткаруудан баш тарткан жарандар элдин тарткан чыгымын ордуна коюп берүү үчүн, сот органдарына берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине, айыл башчыларга милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |