Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/9
Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Чамашова Разия Рамаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө
Алай районундагы Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Кең-Жылга айылындагы кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн жана көп жылдык педагогикалык чыгармачыл үзүрлүү эмгегин жогору баалап, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» көрсөтүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы Чамашова Разиянын кенже курактагы балдарды өнүктүрүүдө кошкон салымы үчүн жана көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» сунуш кылынсын.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Алай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |