Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 8-майы № 15/12
Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалы Турганбаевичтин айыл чарбасына жараксыз бош жер участогун ижарага алып, көрктөндүрүү үчүн жазган арызын кароо боюнча
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалы Турганбаевичтин жазган арызын Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси карап чыгып, Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын тургуну Маматумаров Жумаалы Турганбаевичке Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебинин маңдайындагы, көпүрөнүн ылдый жагындагы айыл чарбасына жараксыз бош калган жерден 0,05 га жер участогун көрктөндүрүү үчүн 7 (жети) жылдык мөөнөткө убактылуу берилсин.
2. Ижарага алган жерин көрктөндүрүү үчүн, тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Алай районунун шаар куруу жана архитектруа боюнча башкармалыгына ошондой эле кыймылсыз мүлккө каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн жер жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Э.Шариповго милдеттендирилси.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |