КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын
16- заседаниясы
2014-жылдын 14-августу № 16/4
Айылдык Кеңештин 28.03.2014-жылдагы №14/6 токтомунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүндө «Мыкты мекеме» деп, 1-Май айылындагы Ж.Орозов атындагы орто мектеби, «Мыкты мекеме» деп, С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасы, «Үлгүлүү айыл» деп, Кең-Жылга айылы, «Үлгүлүү үй» деп, Кең-Жылга айылынан Мырзакаримов Абдиламиттин үйү, Дайырбаев Маматураимдин үйү, Тогуз-Булак айылынан Маданбеков Амиракулдун үйү, 1-Май айылынан Зикиров Акжолтойдун үйү, «Үлгүлүү көчө» деп, А.Бекташов атындагы орто мектебинен айыл өкмөтүнүн конторасына чейинки көчө аныкталсын.
2. 2011-жылга чейинки «Үлгүлүү үй» деп илинип турган тактайчаларды мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, тез арада алып коюу айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл өкмөтүнөн жана айылдык Кеңешинен биргелешкен комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы: | Т.Маназаров |