Редакцияот 14.08.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кенешинин 5-чакырылышынын

16- заседаниясы

2014-жылдын 14-августу № 16/5

Корул айылдык Кеңешинен чыккан аткарылбаган токтомдорду кароо боюнча

Корул айылдык Кеңешинин  заседаниеси

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.15.04.2013 –жылдагы № 5/3, 27.04.2013-жылдагы № 6/1 айылдык Кеңеш тарабынан чыккан токтомдордун аткарылышы боюнча ушул күнгө чейин жыйынтык чыгарылбагандыгы белгиленсин.

2. Билим берүү жана Илим Министирлигине экинчи жолу жөнөткөн кайрылуубуздун жообу мыйзам чегинде биздин талаптагыдай келбесе 2014-жылдын 15-сентябрь айынан кийин Билим берүү жана Илим Министрлиги тарабынан чечилбегендигине (каралбагандыгына) байланыштуу «Арууке-Профи» ден алынган дискти министрликти жана окуянын башынан аягына чейинки кимдерге кайрылып, кандай жооп алгандарыбызды кошуп интернетке чыгарылып, интернет аркылуу элдин талкуусуна салынсын жана маалымат каражаттарына берилсин.

3. 23.07.2013-жылдагы № 9/6 айылдык Кеңеш тарабынан чыккан токтомдун аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 22.07.2014-жылдагы № 10/1 -19413 катынын жыйынтыгынын негизинде каралсын.

4. 23.07.2013 –жылдагы № 9/1 айыдык Кеңеш тарабынан чыккан токтом ушул убакка чейин аткарылбагандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Э.Шариповго эскертүү берүү менен бир жуманын ичинде жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссия менен Э.Шарипов биргеликте чечүү жагы милдеттендирилсин.Чечилбеген жерлерди мыйзам чегинде чече турган райондук тиешелүү  мекемелерге тапшырылып, жыйынтыгы чыгарылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Раев Өмүрбекке тапшырылсын.

 

Корул айылдык кеңешинин тѳрагасы:

Т.Маназаров