Редакцияот 24.10.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айыл Кеңешинин V чакырылышынын

VII заседаниясы

2013-жылдын 24-октябры № 7/4

«К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жер жана мүлк салыктарын киргизүү» жөнүндө.

Кыргыз республикасынын Салык кодексинин 3 беренесинин 31 бөлүгүнө жана «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин» колдонууга киргизүү жөнүндөгү 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 КРнын Законунун 3 беренесинин 3 бөлүгүнүн талаптарына ылайык

К.Белекбаев атындагы Алай айыл Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагында 1-январь 2014-жылдан баштап жер жана мүлк салыгы колдонууга киргизилсин.

2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды жыйноо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.

3. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыктарын эсептөө үчүн К3 –зоналдык коэффицентти 1,0 бөлүп бекитилсин.

4. Бул токтом Кыргыз республикасынын юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүлсүн.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин пландоо жана бюджет боюнча комиссиясынын төрагасы Б.Кадыров жана К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кайыровго милдеттендирилсин.

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин тѳрайымы:

 

Ч.Канкиева