Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 197
Жылуулук энергетикалык комплекс
мекемелеринин 2014-2015-жылдарга
карата кγз-кыш мезгилине даярдыгы
жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата кγз-кыш мезгилине даярдыгы жѳнγндѳ Ош шаарынын вице-мэри К.Абдырахман уулунун билдирγγсγн угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 26-августундагы отурумунун № 5-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата кγз-кыш мезгилине даярдыгы жѳнγндѳ Ош шаарынын мэриясынын жана тиешелγγ кызматтардын аткарган иштеринин жыйынтыктары жана аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды кѳрγγ жѳнγндѳгγ маселе боюнча Ош шаарынын вице мэри К.Абдырахман уулунун билдирγγсγ эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин 2014-2015-жылдарга карата кγз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча тѳмѳндѳгγ иш чаралардын толук кѳлѳмдѳ аткарылышын камсыз кылуу милдеттендирилсин:
- Ош шаарынын мэриясынын алдында маалымат борборун ачуу жана шаар тургундарына аймактык кеңештер аркылуу тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ;
- электр энергиясына чектѳѳлѳрдγ киргизγγ боюнча тез аранын ичинде шаар боюнча график тγзγп, массалык маалымдоо каражаттары, аймактык кеңештер аркылуу жашоочуларга ѳз убагында маалыматты жеткирγγ;
- укук коргоо органдары менен биргеликте кышка даярдык ѳнѳктγгγн ѳткѳрγγдѳ тиешелγγ мекеме-ишканаларга Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан бѳлγнгѳн акча каражаттарын максаттуу жана сарамжалдуу, натыйжалуу пайдаланылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу;
- жылуулук энергетикалык комплекс мекемелеринин («Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасы К.Алишеров, «Ош жылуулук электр борбору» А.Аттокуров, «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомдун «Ошгаз» филиалы М.Аматов, Ош шаардык электрэнергиясын сатуу бѳлγмγ Т.Полотбеков, Ош райондук электр тармактары Д.Сыдыков, Ош муниципалдык турак-жай ишканасы Э.Аралиев, «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы Д.Кокочоров, Ош шаардык жолдор башкармалыгы А.Жунусов) кγз-кыш мезгилин ѳткѳрγγгѳ багытталган иш чаралардын γзгγлтγксγз аткарылуусун кѳзѳмѳлдѳѳ жана алардын аткарылышына тиешелγγ кечиктирилгис аракеттерди жγргγзγγ;
- кγз-кыш мезгилин ѳткѳрγγ боюнча даярдык иштерине жана аны ѳткѳрγγгѳ жоопкерчиликсиз мамиле жасаган мекеме-ишканалардын жетекчилерине кыштын жыйынтыгы боюнча ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун карап жана мыйзам чегинде тиешелγγ чара кѳрγγ;
- шаардагы магистралдык, кварталдык жылуулук тармактарын, отканаларды, жылуулук ѳткѳрγγчγ системаларды, шаарды электр энергиясы менен камсыз кылуучу обьекттерди оңдоп-тγзѳѳнγ аягына чыгаруу, кѳмγр, мазут отундарын жетиштγγ кѳлѳмдѳ камдоо иштерин милдеттγγ тγрдѳ жγргγзγγ;
- жылуулук энергия менен камсыз кылуучу мекемелерге шаардагы аймактык кеңештердин, кварталдык, γй комитеттеринин ѳкγлдѳрγ менен биргеликте жеке сектордогу калктын арасында отун-кѳмγр камдоо боюнча тγшγндγрγγ иштерин алып баруу жана кѳп кабаттуу турак-жайлардын ички жылытуу системасын γй ээлерине тγшγндγрγп оңдоп-тγзѳѳ иштерин уюштуруу;
- саламаттыкты сактоо жана билим берγγ тармактарынын жылуулук керектѳѳчγ мекемелеринен кγз-кыш мезгилине карата даярдык иштеринин ѳз убагында аткарылышын талап кылуу жана тынымсыз кѳзѳмѳлдѳп туруу;
- шаардын тургундарына газ баллондорду туура пайдалануу эрежелери боюнча жер-жерлерде тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ жана массалык маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирγγ;
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Аталган токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Сыдыков) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |