Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 198
2014-жылдын 6 айынын
жыйынтыгы менен Ош шаарынын
социалдык-экономикалык жактан
ѳнγгγγ программасынын жана
жергиликтγγ бюджеттин аткарылышы
боюнча Ош шаарынын мэринин
отчету
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдагы бекитилген иш-планына ылайык 2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγ программасынын жана жергиликтγγ бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчетун угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2014-жылдын 22-августундагы № 19-токтомун ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык- экономикалык жактан ѳнγгγγ программасынын жана жергиликтγγ бюджеттин аткарылышы боюнча Ош шаарынын мэринин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- 2014-жылга коюлган социалдык-экономикалык кѳрсѳткγчтѳрдγ жана божомол планды жылдын жыйынтыгы менен так аткаруусун камсыз кылуу;
-Ош шаарын 2014-2017-жылдарда ѳнγктγрγγнγн Программасында каралган иш-чараларды ѳз убагында так, сапаттуу аткаруусун камсыздоо;
-2014-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγ боюнча пландык кѳрсѳткγчтѳрγ аткарылбай калган киреше салыгынын, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык тγрγнγн, транспорт каражаттарынан алынуучу салык тγрγнγн, автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу салык эмес кирешелердин план тапшырмасын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткаруулусун камсыздоо;
-муниципалдык менчикти эффективдγγ пайдалануу менен жергиликтγγ бюджеттин киреше бѳлγгγн арттыруу максатында «Жапалак автоунаа базары» муниципалдык ишканасынын ишмердγγлγгγн кγчѳтγγ;
-Ош шаарындагы капиталдык курулуштарга каралган бюджеттик акча каражаттарын толук кѳлѳмдѳ каржылоо жана титулдук баракчадагы социалдык обьектердин курулушун жылдын акырына чейин аягына чыгаруу;
-Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча башталган жумуштарды улантуу жана аягына чыгаруу, мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирγγ;
-Ош шаарынын коммуналдык чарбасын эффективдγγ иштетип, алар тарабынан калкка кызмат кѳрсѳтγγнγн сапатын жакшыртуу;
-шаарда кыш мезгилин ѳткѳрγγгѳ каралган жумуштарды толугу менен аткарууга жетишγγ, социалдык обьектерге, кѳп кабаттуу γйлѳргѳ жылуулук энергиясын сапаттуу берγγ;
-мектеп окуучуларынын арасындагы укук бузууларга бѳгѳт коюу, жашы жетпеген ѳспγрγмдѳр инспекциясынын ишин, ата-энелер менен иштѳѳ тартибин кγчѳтγγ;
-социалдык жактан аз камсыз болгон жарандарга, пенсионерлерге социалдык жардам кѳрсѳтγγнγ жакшыртуу;
-Ош шаардык кызматтардын жана алардын структураларынын ишин оптималдаштыруу маселеси боюнча сунушту 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешине сунуштоо;
Ушул токтомдун аткарылышы боюнча 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Ош шаардык Кеңешине маалымдоо жана сессияда отчет берγγ милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына тапшырылсын.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |