Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 199
Ош шаарындагы кафе, чайкана,
ресторандардын кызматкерлеринин
укуктарын иш берγγчγ тарабынан
камсыз кылуусу жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы Р.Мирзаматовдун Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын кызматкерлеринин укуктарын иш берγγчγ тарабынан камсыз кылуусу жѳнγндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы Р.Мирзаматовдун Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын кызматкерлеринин укуктарын иш берγγчγ тарабынан камсыз кылуусу жѳнγндѳ маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын кызматкерлеринин укуктарын иш берγγчγ тарабынан камсыз кылуусу мыйзам чегинде аткарылбай жаткандыгы белгиленсин.
3. Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын жетекчилерине жумушчулардын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, “Эмгекти коргоо жѳнγндѳ”, “Ишкерледин укуктарын коргоо жѳнγндѳ” мыйзамдарында каралган укуктарын камсыз кылуу милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык мэриясына(А.Кадырбаев):
- Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардагы кызматкерлердин укуктарын иш берγγчγ тарабынан камсыздоо максатында тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ γчγн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Ош шаардык башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнѳ караштуу экологиялык жана техникалык Мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары, Араван, Ноокат жана Кара-Суу райондор аралык башкармалыгы, Салык кызматынын Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте жумушчу топ тγзγп, тиешелγγ иш алып баруу милдеттендирилсин;
- Ош шаарындагы кафе, чайкана, ресторандардын кызматкерлеринин тейлѳѳ маданиятын жана этикасын жогорулатуу максатында окуу борборлорун ачуу сунушталсын;
Бул токтомдун аткарылышы жѳнγндѳ Ош шаардык Кеңешине квартал сайын маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
5.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Мирзаматов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |