Загрузка документа…
ОШ ШАРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 200
Ош шаарында Кыргыз
Республикасынын «Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик
символдору жѳнγндѳ» мыйзамынын
аткарылышы жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы Р.М.Мирзаматовдун Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жѳнγндѳ» мыйзамынын аткарылышы жѳнγндѳ маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып,Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын тѳрагасы Р.М.Мирзаматовдун Ош шаарында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жѳнγндѳ» мыйзамынын аткарылышы жѳнγндѳ маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарында айрым мекемелерде, уюмдарда, ишканаларда жана жеке ишканаларда илинип турган мамлекеттик туулардын абалы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жѳнγндѳ» мыйзамынын талаптарына жооп бербегендиги белгиленсин.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
- Ош шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жѳнγндѳ» мыйзамынын так аткарылышын камсыздоо;
- Аймактык кеңештерде, окуу жайларда, менчигинин тγрγнѳ карабастан мекеме-ишканаларда, мектептерде жана балдар бакчаларында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу, Мамлекеттик герби жана Мамлекеттик гимни туурасында тγшγндγрγγ иштерин жγргγзγγ, алардын маанисин калктын аң-сезимине жеткирγγ жана аларга мыйзамдын талабына ылайык мамиле жасоону γйрѳтγγ боюнча иш-чараларды жγргγзγγ;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдоруна мыйзамдын талабына ылайык мамиле жасабаган ишкана-мекемелердин, уюмдардын, жеке менчик ишканалардын жетекчилерине мыйзам чегинде чараларды кѳрγγ милдеттендирилсин.
Аткарылган иштер боюнча Ош шаардык Кеңешине 2014-жылдын 1-ноябрына жазуу жγзγндѳ маалымат берилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселери боюнча (Р.Мирзаматов) жана социалдык-маданий ѳнγктγрγγ жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына (Г.Эсенбаева) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |