Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 203
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин
2013-жылдын 11-октябрындагы кезектеги
Х сессиясында кабыл алынган №122-
“Ош шаардык базарлар дирекциясынын
аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ”
токтомунун аткарылышы тууралуу
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы кезектеги Х сессиясында кабыл алынган № 122-“Ош шаардык базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ” токтомунун аткарылышы боюнча Ош шаардык Кеңешинин жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын тѳрагасы А.Алановдун маалыматын угуп жана талкуулап, аталган туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 26-августундагы № 4-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы кезектеги Х сессиясында кабыл алынган №122-“Ош шаардык базарлар дирекциясынын аткарып жаткан иштери жѳнγндѳ”токтомунун аткарылышы боюнча Ош шаардык Кеңешинин жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын тѳрагасы А.Алановдун маалыматы эске алынсын.
2.Ош шаарынын мэриясына ( А.Кадырбаев) :
- борбордук базардын келечекке карай ѳнγгγγ жана жаңылануу программасын иштеп чыгуу;
- борбордук базардын аймагында жайгашкан кичи базарлардын тартибин жѳнгѳ салуу;
- борбордук базарга алып кирγγчγ жолдордогу автотыгындарды жоюу боюнча чараларды кѳрγγ милдеттендирилсин.
3. Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов) борбордук базарлар дирекциясы (М.Курбанов) менен биргеликте Ленин кѳчѳсγ менен Мамажан кѳчѳсγнγн кесилишинен Ош кѳчѳсγнѳ чейинки борбордук базарды аралап ѳткѳн жолду асфальттап, жээктерине арык-лотокторду орнотуу милдеттендирилсин.
4.Ош шаардык ѳрткѳ каршы кызматына (Э.Абдраманов), борбордук базарлар дирекциясы (М.Курбанов) менен биргеликте, ѳрт коопсуздугунун алдын алуу максатында борбордук базардын ичиндеги гидранттарды калыбына келтирγγ жана базардын эвакуациялык чиймесин тγзγγ милдеттендирилсин.
5. Борбордук базарлар дирекциясына (М.Курбанов):
- сатуучуларга жана сатып алуучуларга ыңгайлуу шарттарды тγзγγ;
- санитардык абалды жакшыртууну жана жаан-чаачын суулары ага турган арык лотокторду калыбына келтирγγ;
- борбордук базардын соода орундарын тез аранын ичинде иреттγγ номерлештирγγ жана базардын чек арасын тактап, топографиялык чиймесин тγшγрγγ милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышы боюнча аткаруучулар тарабынан Ош шаардык Кеңешине маалымат берилсин.
7.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына (К.Жамалов) жарыялансын.
8.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердγγлγк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Аланов) жγктѳлсγн .
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |