Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 204
Шаардык жол башкармалыгы
жаткан иштер жѳнγндѳ
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылга бекитилген иш планына ылайык Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармасы тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ башкарманын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-августундагы № 17-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнγндѳ башкарманын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык жол башкармалыгына (А.Жунусов):
- адистештирилген курулуш бригадасын ачуу, атайын техникалык база тγзγγ жана шаардагы жолдорго асфальт тѳшѳѳ боюнча тиешелγγ иш кагаздарын даярдап, 2015-жылдын бюджетине киргизγγгѳ мыйзам чегинде сунуш даярдоо;
- Ош шаарындагы №2-Карл Маркс атындагы мектеп-гимназиясынын жана Р.Моминова кѳчѳсγндѳгγ “Ош кардио” медициналык борборунун алдыларына автоунаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмо (лежачий полицейский) орнотуу;
- башкармалыкка 2014-жылга бѳлγнгѳн бюджеттик акча каражаттарын сапаттуу жана сарамжалдуу жумшоо;
- кγз-кыш мезгилинде жолдорду тиешелγγ деңгээлде кармоо γчγн атайын каражаттарды керектγγ кѳлѳмдѳ камдоо;
3. Ош ИИБнин жол кайгуул кызматынына (Ш.Шакиров) Ош шаарынын Р.Моминова кѳчѳсγн Э.Алиев кѳчѳсγнѳн баштап Р.Абдыкадыров кѳчѳсγнѳ чейин автоунаалардын кыймылын бир тараптуу жγрγшγн камсыздоо милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |