Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 206
Шааркуруу жана архитектура
боюнча Ош шаарынын Башкы
башкармалыгын муниципалдык
менчиктеги административдик
имаратты пайдалангандыгы γчγн
тѳлѳнγγчγ ижара акысынан
бошотуу жѳнγндѳ
Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгынын 2014-жылдын 1-июлундагы 440-5 сандуу башкармалык жайгашкан имараттын 658,7 чарчы метр аянтына келишим тγзγп берγγ жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 11-июлундагы №13-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгын муниципалдык менчиктеги административдик имаратты пайдалангандыгы γчγн ушул токтом кγчγнѳ кирген кγндѳн тартып 6 ай убакытка тѳлѳнγγчγ ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
2.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгын бγгγнкγ кγндѳгγ карыз абалга келгендигин текшерγγ γчγн комиссия тγзγп, текшерγγнγн жыйынтыгын шаардык Кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштоо менен бирге кγнѳлγγ жактарга мыйзам чегинде чара кѳрγγ милдеттендирилсин.
3.Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгын ушул токтом кγчγнѳ кирген кγндѳн тартып муниципалдык менчиктеги административдик имаратты пайдалангандыгы γчγн 6 ай убакытка тѳлѳнγγчγ ижара акысынан бошотуу боюнча тиешелγγ иш чараларды жγргγзγγ милдеттендирилсин.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |