Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 207
Манас-Ата кичи районунда
жайгашкан «Текстильщик»
ачык типтеги акционердик
коомунун аймагы аркылуу
жер астынан ѳткѳн суу
тγтγктѳрγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын вице-мэри К.Абдырахман уулунун 2014-жылдын 25-июлундагы № кол-539, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Т.Капаровдун 2014-жылдын 6-августундагы № 55-Манас-Ата кичи районунда жайгашкан «Текстильщик» ачык типтеги акционердик коомунун аймагы аркылуу жер астынан ѳткѳн суу тγтγктѳрγ жѳнγндѳгγ каттарын карап жана талкуулап чыгып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 22-августундагы № 16-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев);
- Манас-Ата кичи районунда жайгашкан «Текстильщик» ачык типтеги акционердик коомунун аймагы аркылуу жер астынан ѳткѳн суу тγтγктѳрγн, Ош шаарынын муниципалдык менчигине ѳткѳрγγ мγмкγнчγлγгγн карап чыгуу сунушталсын;
- Манас-Ата кичи районунда жайгашкан «Текстильщик» акционердик коомунун аймагындагы темир эритγγчγ кичи заводдордун ишмердγγлγгγн текшерγγ γчγн тиешелγγ мекемелер менен биргеликте комиссия тγзγγ милдеттендирилсин;
- Ош шаарынын аймагындагы сервитуттар менен кошо сатылып кеткен жерлердин мыйзамдуулугун текшерγγ γчγн тиешелγγ мекемелерге кайрылуу милдеттендирилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |