Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 208
Ош шаарынын мэриясы тарабынан
мыйзамсыз курулуштарды текшерγγ
γчγн тγзγлгѳн комиссиянын алып
барган иштеринин жыйынтыгы
жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз курулуштарды текшерγγ γчγн тγзγлгѳн комиссиянын алып барган иштеринин жыйынтыгы жѳнγндѳгγ Шааркуруу жана архитектура боюнча Ош шаарынын Башкы башкармалыгынын башчысы А.Жолдошевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2014-жылдын 22-августундагы № 18-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) Ош шаарынын мэриясы тарабынан мыйзамсыз курулуштарды текшерγγ γчγн тγзγлгѳн комиссиянын жыйынтыгы жѳнγндѳгγ маселени башкадан карап чыгып, толуктоолор менен Ош шаардык Кеңешинин кийинки сессиясынын кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |