Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 212
Ош шаарынын Жапалак
айылдык аймактык
башкармалыгындагы
К.Аттокуров кѳчѳсγндѳ
жаңы курулган спорттук
залды атоо жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 10-июлундагы 223/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана ѳзгѳртγγ жѳнγндѳгγ атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын 2014-жылдын 9-июлундагы жыйынынын № 1-протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, агрардык жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 11-июлундагы № 12-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, кыргыз элинин чыгаан балбаны, грек-рим кγрѳшγ боюнча СССРдин спорт чебери, маркум Алым Ажиматовдун элесин урматтап, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы К.Аттокуров кѳчѳсγндѳ жаңы курулган спорт зал, мындан ары «Алым Ажиматов атындагы спорт зал» деп аталсын.
2. Алым Ажиматов атындагы спорт залдын аты жазылган кѳрнѳктѳрдγ даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
3. Алым Ажиматов атындагы спорт залдагы кѳрнѳк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтγγ бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине (Д.Тѳрѳкулов) “Алым Ажиматов атындагы спорт залын” мыйзамда каралган тартипте каттоо милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын(М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |