Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 214
Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тѳлѳйкѳн айылынын ГСЗ (гравийно-сортировочный завод) участкасындагы жаңы кѳчѳгѳ ат коюу жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2014-жылдын 10-июлундагы 223/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, Ош шаарындагы географиялык аталыштардын атын коюу жана ѳзгѳртγγ жѳнγндѳгγ атуулдардын жана эмгек жамааттардын кайрылууларын, арыздарын кароо боюнча комиссиянын 2014-жылдын 9-июлундагы жыйынынын № 1-протоколун, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 22-августундагы № 19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, согуштагы эрдиктери γчγн биринчи даражадагы орден жана 12 медалдын ээси, маркум Кудайберди Мамытовдун элесин урматтап, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Тѳлѳйкѳн айылынын ГСЗ (гравийно-сортировочный завод) участкасындагы жаңы кѳчѳ, мындан ары «Кудайберди Мамытов атындагы кѳчѳ» деп аталсын.
2. Кудайберди Мамытов атындагы кѳчѳнγн аты жазылган кѳрнѳктѳрдγ даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
3. Кудайберди Мамытов атындагы кѳчѳдѳгγ кѳрнѳк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтγγ бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына (К.Жолдошев), шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо башкармалыгына (Т.Марифов), шаардык нотариалдык кеңсесине (Р.Зулпукарова) «Кудайберди Мамытов» атындагы кѳчѳнγн тургундарын каттоо мамлекеттик пошлинасыз, бекер жγргγзγγ милдеттендирилсин.
5. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |