Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-сентябры № 215
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 98-Ош шаарынын Ак -Тилек кичи районундагы жаңы курулган аллеяга ат коюу жѳнγндѳгγ токтомуна ѳзгѳртγγ киргизγγ жѳнγндѳ
Ж.Мамытовдун туугандары жана айылдаштарынын Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда жайгашкан «Чыгармачыл адамдардын Жолон Мамытов атындагы аллеясы», «Жолон Мамытов атындагы аллея» деп атоо жѳнγндѳгγ сураныч катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк жер, экология, агрардык, ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2014-жылдын 17-майындагы отурумунун № 10-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 28-мартындагы № 98-Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы жаңы курулган аллеяга ат коюу жѳнγндѳгγ токтомунун 1-пунктундагы «Чыгармачыл адамдардын» деген сѳздѳр алынып салынсын.
2. Аллеянын аты жазылган кѳрнѳктѳрдγ даярдоо жана аларды орнотуу Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (А.Семетеев) милдеттендирилсин.
3. Жолон Мамытов атындагы аллеясында кѳрнѳк такталарды орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтγγ бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо шаардык каржы башкармалыгына (К.Абдыкадыров) милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К. Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У.Примов |