Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 5-августу № 20
АРИС боюнча кичи долбоорлорду ишке ашыруу жана аткарылган иштерди кабыл алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун аныктап, бекитип берүү жөнүндө
Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси Т.Шатманалиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИС боюнча кичи долбоорлорду ишке ашыруу жана аткарылган иштерди кабыл алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгү курамда аныкталып, бекитилсин:
1) Өмүржан уулу Мирбек –Токтогул шаардык кеңешинин депутаты
2) Раханова Лариса - № 13 “Байчечекей” балдар бакчасынын директору
3) Кадыржанова Айша - ата-энелер комитетинин төрайымы
4) Төрөгелдиева Кенже - ата-энелер комитетинин мүчөсү
5) Жолборсова Ырыс -“Жаш муун” өкмөттүк эмес уюмунун (НПО) мүчөсү
2. Бул комиссиянын ишин уюштуруу жагы Токтогул шаардык мэриясынын башкы адиси Т.Шатманалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтом Токтогул шаарынын www.toktogul.kg сайтына (мэрия жана кеңеш бетине) жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Токтогул шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
К.Дербишев |