Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 23-июлу № 22/2
Кайрагач орто мектебинин аталышын өзгөртүү менен Абдикундуз Файзиев атындагы орто мектеби деп өзгөртүү жөнүндө
Бешкент айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач орто мектебинин аталышын өзгөртүү боюнча Кайрагач орто мектебинин педагогикалык жана техникалык персоналдарынын 2009-жылдын 19-январындагы протоколунун, Кайрагач орто мектебинин мугалимдер коллективинин 2014-жылдын 24-июнундагы кайрылуусунун, Кайрагач айылынын жашоочуларынын билдирүүсүнүн негизинде Кайрагач орто мектебин Абдикундуз Файзиев атындагы мектеби деп өзгөртүү жөнүндөгү кайрылуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-статьясынын негизинде Бешкент айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрагач орто мектебинин педагогикалык жана техникалык персоналдарынын 2009-жылдын 19-январындагы протоколдорунун Кайрагач орто мектебинин мугалимдеринин 2014-жылдын 24-июнундагы кайрылуусун Кайрагач айылынын жашоочуларынын негизинде Кайрагач орто мектебин Абдикундуз Файзиев атындагы орто мектеби деп аталышын өзгөртүү боюнча Кайрылуусу жактырылсын.
2. Кайрагач орто мектебине Абдикундуз Файзиев атындагы орто мектеп деп наам берилсин.
3. Ушул мектептин атын өзгөртүү боюнча мектеп администрациясында боло турган чыгымдар Абдикундузов Гопиржон тарабынан каржылансын.
4. Мамлкеттик реестрге киргизүү жагы Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин Мамлкеттик мызамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Бешкент айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
О.Баховатдинов |