Загрузка документа…
СОҢ-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2013-жылы 14-августу № 6-3
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2,3 топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамын аткаруу менен Соң-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү административдик аймагына” жер салыгын жана мүлк салыгынын 1,2 .3, топторуна Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамын аткарууу менен Соң-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүү максатында Кз зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Соң-Көл айыл өкмөтүнүн “Жергиликтүүү административдик аймагына” төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
- айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, калктуу конуштардын жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын, короо жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгын ;
- мүлк салыгын 1,2,3,4, топтогу объектилерин ;
- Кз зоналдык коэффициенти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиптери көрсөтүлгөн салыктаргаа бекитилсин.
- жер салыктарына жана мүлк салыктарынын 1,2,3 топтогу объектилерине Кыргызз Республикасынын Салык кодексинин талаптарына ылайык Кз зоналык коэффициенти эске алуу менен жүргүзүлсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүү жана каттоого алуугаа Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2014-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Депутаттардын Соң-Кѳл айыл аймактык Кеңешинин тѳрагасы: |
М.Байбостонов |