Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 17-июну № 6/2
Жошолу айыл өкмөтүнө караштуу №19 Курманжан датка атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн даярдалган долбоорун кароо жөнүндө
Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №19 Курманжан датка атындагы орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жазылган түрткү берүүчү гранттын долбоору мектептин абалынын өтө начарлыгына байланыштуу туура деп табылсын.
2. №19 Курманжан датка атындагы орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн 203 682(эки жүз үч миң алты жүз сексен эки) сомдук каражатты бөлүп берүү жана анын 50% тин 101 841 (бир жүз бир миң сегиз жүз кырк бир) сомун накталай акча түрүндө, 50% тин 101 841 (бир жүз бир миң сегиз жүз кырк бир)сомун жумушчу күчү түрүндөгү каражатты өздүк кирешенин эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Капиталдык ремонтко керектелүүчү төлөмдөрдүн келишимге ылайык өз убагында төлөө жагы финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Эрмекбаевага милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Абдырахмановго жана айылдык Кеңештин социалдык объектилер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жошолу айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
К.Алдашев |