Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-сентябры № 130
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына
өндүрүштүк база сатып алуу жөнүндө
Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 2014-жылдын 17-сентябрындагы №01-3/1007 сандуу катын талкуулап карап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Мырзалиев №76 дарегинде жайгашкан турак жай эмес имараты Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өндүрүштүк база катарында 5млн сомго сатылып алынсын жана Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алынсын.
2. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өндүрүштүк база сатып алуу жагы 2014-жылдын 20-февралындагы №70/10-6 сандуу “2013-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомунун негизинде бөлүнгөн 3 млн. 500 мин сом менен Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын жана калган 1 млн. 500 миң сому 2014-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан суммасынын эсебинен бөлүнүп берилсин же 2015-жылдын бюджетине киргизилсин.
3. Кабыл алынган токтом шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.М.Мамбетов) тапшырылсын.
Тѳрага: | А.Джузупбеков |