Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/1
“Ынтымак” жайыт бирикмесинин 2013 – жылга аткарган иштери боюнча отчеттун угуу жана 2014 – жылга карата бюджетин бекитүү тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ынтымак” жайыт бирикмесинин 2013 – жылга карата аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин жана 2014 – жылга карата киреше бөлүгү 446 миң 500 (төрт жүз кырк алты миң беш жүз) сомго жана чыгаша бөлүгү 446 миң 500 (төрт жүз кырк алты миң беш жүз) сомго бекитилсин.
2. Ынтымак айыл аймагындагы жайыт акысы 1 айга карата ар бир мал башына төмөндөгү тартипте тариф бекитилсин:
1 карамал – 17 сом
2. жылкы – 17 сом
3. койго - 9 сом
4. эчки – 17 сом
3. Жайыт жерлерди тосуп алып иштеткендерге карата жайыт жерин пайдалангандыгына 2014 – жыл үчүн 1 га жер аянтына 7000 (жети миң) сом өлчөмүндө ижара акы киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992 – жылдын 17 – августундагы № 403 – токтомунун 3 – пунктуна негиз жайыт бирикмеси тарабынан 2014 – жылга карата түзгөн “Жайыт таксиси” жайыт бирикмеси тараптан кодоого алынсын жана иш чаралар планы бекитилсин.
5. 2014 – жылдан тартып жайыт жер аянттарын өздөштүрүүгө жана тосуп алуу менен ижарага берүү жагы токтотулсун.
6. Жогоруда берилген мыйзамдуу чара көрүү тапшырмалары, ижара акы өндүрүү боюнча 2014 – жылдын 1 – жарым жылдыгына карата маалымат берүү жагы жайыт бирикмесинин төрагасы А.Сейдалиевке жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айылдык кеңешинин жер, суу жана электр энергия, жолдор боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17.08.1992-жылдагы № 403-токтомунун 3-п негизинде Ынтымак жайык комитетинин карамагындагы токойлорго, жайыттарга материалдык жактан келтирилген зыяндар үчүн жоопкерчилик:
1. Декабрь, январь айларында дарак же бадалды кесип, токойго зыян келтирилсе кыйылган дарактар үчүн 10 см эсептелген өлсөмдө ар бир кыйылган дарак үчүн төмөнкүдөй жазана салынат:
Кесилген дарактардын диаметрине
4см ге чейин 381-48т
4см ден 12 см ге чейин 509-60т
12.1см ден 16 см ге чейин 635-76т
16.1 см ден 20 см ге чейин 726-92т
20.1 см ден24 см ге 690-08т
24.1 см ден 32 см ге 1272-58т
32см ден ашкан ар бир смге 3 сом 82 тыйын кошулат, бадалдардын ар бир түбүнө 5 сом 07 тыйын кошулат.
2. Ынтымак жайыт жерине уруксатсыз мал бакса.
Ийри мүйүздүү мал, жылкы жана эшектерге 1 жаштан эогорусуна 940 сом, 1 жашка чейинкилерге 470 сом, койлорго 260 сом, эчкилерге ар бир башына 1565 сом. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 7-сентябрындагы № 686 – токтомуна ылайык Ынтымак жайыт комитетинин аймагындагы ар бир кв жер кыртышына минималдык эмгек акыны көбөйтүү жолу менен салынат.
3. Уруксатсыз көп жылдык дарак эккендерге жер кыртышын бузгандарга.
Маданий кочоттор отругузгандарга питомник үчүн – 0.80
Кайрак айдоо, бак,токой, көп жылдык дарактар- 0.06
Чөп орундуу, мал жайыт, жайлоо- 0.06
2010-жылдан баштап Ынтымак айыл округунун аймагындагы Ынтымак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Каримберди, Ак-сай, Кызыл-дөбө, Кемпир чукур жана таштак жайыт жерлерин жайыт пайдалануучулар бир жылга 750 сомдон түтүн акы алынат.
Ынтымак айыл округунун башчысы: | Д.Раимбердиев |
Ынтымак жайыт комитетинин башчысы: | А.Сейдалиев |
№ | Аткарыла турган иш | Эмне кылуу керек | Качан аткарылат | Ким жооптуу |
1. | Жайыт пайдалануучулар менен инвентаризация жүргүзүү | Ар бир жайыт пайдалануучу менен милдеттеме түзүү | Февраль, март, апрель | Төрага, инспектор |
2. | Ынтымак айылына караштуу жайыт жерлерине 1-2-этап мониторинг жүргүзүү 2 жолу | Чөптөрдүн өсүү процесттерин аныктоо | Апрель, май, август |
|
3. | Жайыт жерине жайгашкан ишканалар жана экологияга таасирин тийгизбөө үчүн сүйлөшүүлөр | Пайдаланылган жайыт жери менен келишим түзүү | Март | Төрага , эсепчи |
4. | Инфраструктураны оңдоо үчүн Ак-Сай зонасындагы жайытка чыгуу жолдорун оңдоо | Сел алып кеткен жолдорду сүрдүрүү 4 км жерди | Июнь, июль | Төрага, инспекторлор |
5. | Жайытка чыккан фермерлер жана жарандар менен өрт коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Ар бир ЖПБ менен түшүндүрүү журналына кол койдуруу | Июль, август | Инспекторлор |
6. | Жайыт графигин пайдалануу менен иш алып баруу | График боюнча контроль жүргүзүү | Июнь | Төрага, инспекторлор |
7. | ЖК ветеринардык кызматкерлери менен биргеликте жайытка чыккан малдарды клиникалык көзөмөл жүргүзүү | Ар бир ЖПБнын вет. көзөмөлүн каттоо | Апрель, май, июнь | Вет.врач Төрага, Инспектор |
8. | Доңуз булак суу ичүүчү жайын оңдоо | Кошумча лоток орнотуу | Июнь | Инспекторлор |
ЖК төрагасы: | А.Сейдалиев |