Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айылдык Кеңешинин (5 – чакырылышы) кезектеги XII – сессиясы
2014-жылдын 3-апрели № 12/11
Ынтымак айылдык Кеңешинин “Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу тууралуу
Ынтымак айылдык кеңешинин экономикалык жана социалдык-маданий өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, активдүү коомдук ишмердиги үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын, мекемелердин жана коомдук уюмдардын өтүнүчтөрүн эске алуу менен Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айылдык кеңешинин “Ардактуу жараны” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын:
1.) Раззаков Иматбек – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Университетинин профессору;
2.) Мурзабаев Сайдакмат Ишмаматович – Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты, коомдук ишмер;
3.) Зулпукаров Төрөбай Закирович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4.) Саид Баюми – Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Президенти;
5.) Жоробеков Жолборс – Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Эларалык билим берүү программалары боюнча директорунун орун басары
2. Ынтымак айыл өкмөтү Ынтымак айылдык кеңешинин Ардактуу жарандарынын Грамоталарын, Күбөлүктөрүн, Белгилерин жана жазууларын даярдоону камсыз кылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө аламын.
Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Усонов |